super.kg logo
  Саясат  

Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Францияга барышты

 
Кечээ, 1-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Францияга жасаган расмий иш сапарынын алкагында өлкө Сенатынын вице-президенти Лоик Эрве менен жолугушту.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алышты. Мындан тышкары, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү, туризм жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери талкууланды.
Эки тараптуу жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Сеидбек Атамбаев, Гүлай Машрапова, Дастан Бекешев, Жылдыз Садырбаева, Жылдыз Эгенбердиева, Алишер Козуев жана Максат Алымбеков, ошондой эле Франциянын Сенатынын сенатору, Франция–Борбор Азия парламенттер аралык достук тобунун Кыргызстан боюнча делегациясынын төрайымы Надя Соллогуб катышты.
Жыйынтыгында депутаттар Сенаттын ишмердүүлүгү, түзүмү жана мыйзам чыгаруу процессиндеги ролу менен жакындан таанышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: