Депутат Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратуу үчүн кол топтоо жүрүүдө. Себеби
Интернет желесинде Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеваны мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жатат. Буга депутаттын 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айткан сунушу себеп болгон.
Абдибаева сексуалдык кол тийбестикке каршы айрым кылмыштар боюнча пробация колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоону сунуштаган. Анын ичинде Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган "Зордуктоо" кылмышы жана 16 жашка чыга элек балага карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге байланыштуу 157-берене да айтылган.
Депутаттын сөзүнөн кийин социалдык тармактарда кызуу талкуу жаралып, кийин анын депутаттык мандатын чакыртып алуу талабы менен петиция пайда болду.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















