Адылбек Касымалиев Лукашенкого Жапаровдун саламын жолдоду
Бүгүн, 2-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларуска болгон жумуш сапарында өлкө президенти Александр Лукашенко менен жолукту.
Жолугушуу Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Минск шаарына келген Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жана ЕАЭБге байкоочу өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте болду.
Анда Касымалиев президент Садыр Жапаровдун саламын Александр Лукашенкого жолдоп, Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында Беларус менен түзүлгөн конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жогору бааларын белгиледи.
Жолугушуунун катышуучулары Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумдарынын жана “Иннопром. Беларусь” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн жүрүшүндөгү мындай сүйлөшүүлөр кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















