super.kg logo

Ильяз Абдыразаков “сыйлык алуу үчүн тааныш керек окшойт” дейт

 

“Түндө “атып кетем” деген коркутуу болду… Ошол учурда ар кандай ойлор келди”, — дейт ырчы Ильяз Абдыразаков.

Маданияттын мыкты кызматкери Ильяз Абдыразаков менен болгон ачык маекте анын 16 жылдык үй-бүлөлүк турмушу, балдары, чыгармачылык жолу тууралуу сөз болду.

Атасы белгилүү музыкант болгон ырчынын музыкага болгон кызыгуусу бала кезинен башталган. Атасынын музыкалык аспаптарын ташып жүрүп, кийин аларды изилдеп, чыгармачылыкка аралашкан. Бишкектеги кафелерде иштеген жылдары, Ысык-Көлдөгү пансионаттарда иштеп жүрүп Азиз Жетигенов, Мирбек Атабеков менен болгон чыгармачылык күндөрү жана алгачкы хит ырлардын жаралышы тууралуу кызыктуу окуяларын бөлүштү.

Ошол учурдагы белгилүү үч жигиттен турган “Санат” тобу кантип түзүлгөн? Эмне үчүн топ тарады? Чоң сахнага чыгуу аракети кандай болгон?

Ошондой эле Ильяз Абдыразаков маданият тармагындагы сыйлыкка байланыштуу күтүүсү, министрликке тапшырган документтери жана “тааныш керек окшойт” деген оюн да ачык айтты.

Азыркы жаштардын табити, хит жаратуу жана хейттен алыс болуу аракети — баары ушул маекте.

Ильяз Абдыразаковдун жашоосундагы көпчүлүк биле бербеген окуяларды толук маектен көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: