super.kg logo

Марлен Маматалиев Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине катышты

 

Бүгүн, 9-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Иш-чара Сокулук районунун Белек айылында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев Чүй өрөөнүнүн тарыхый маанисине токтолду. Анын айтымында, аймак байыртадан Улуу Жибек Жолунун маанилүү борборлорунун бири болуп, чыгыш менен батышты байланыштырган.

Ошондой эле төрага Бурана мунарасы, Баласагын жана Ак-Бешим сыяктуу тарыхый жайлар Чүйдүн байыркы тарыхын айгинелеп турарын белгиледи.

Ал акыркы жүз жыл ичинде Чүй облусу өнөр жай, транспорт, соода-логистика жана экономика тармактарында өнүккөнүн айтты. Мындан тышкары, аймактын мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган пландар бар экенин кошумчалады.

Салтанат театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолду. Ошондой эле улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди берүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: