Кармалган чекисттер бир айга камакка алынышты
УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов 9-ноябрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматта райондук соттун чечими кечээ, 10-октябрда чыкканы айтылат. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылганы кошумчаланды.
Буга чейин Башкы прокуратура алар ишкерден ири көлөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2026-09-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
dasta
11.10.2026. 19:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таш доорунун тамырларын кыркыб жаткан, го акырындап.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















