Шакиранын концерти: Бишкекке чет элдик туристтер келе башташты (видео)
18-октябрда Бишкектеги "Бишкек Аренада" өтө турган Шакиранын концертине билет алган чет элдиктер Кыргызстанга келе башташты. Бул тууралуу Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал социалдык тармактарда чет элдиктер Бишкектеги даамдуу тамактануучу жайлар, кооз жерлер жана Ала-Арча тууралуу сурап жатышканын белгиледи.
"18-октябрда “Бишкек Аренада” өтө турган Шакиранын концертине билет алган чет элдиктердин алды келе башташты. Алар, “Мен Кыргызстанга келдим, кайсы жерден даамдуу тамактанса болот? Кандай кооз жерлер бар, Ала-Арчаны көргүбүз келет”,-деп соцсеттерде сурап жазып жатышат.
Бишкектеги мейманканаларда дагы орундар калбай калганын айтышууда. Демек, бул күндөрү Бишкекте кошуна өлкөлөрдөн, дүйнөнүн башка булуң-бурчунан келген туристтерди, конокторду көп кездештиребиз. Балким алар, жардам же кеңеш сурап кайрылып калса, жылуу маанайда, колубуздан келген жардамды берип туралы. Анан, албетте, маданияттуу бололу",- деди Орунбеков.
Шакиранын концерти: Бишкекке чет элдик туристтер келе баштады
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















