Кыргызстан Европа Биримдигинен 6 миллион евро алды
Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформаларды ишке ашырууда жетишилген натыйжалар үчүн Европа Биримдигинен 6 миллион евро өлчөмүндө (болжол менен 592 миллион сом) гранттык бюджеттик колдоо алды.Финансы министрлиги 16-октябрда билдиргендей, колдоо "Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим" (Education Sector Reform Contract, ESRC) программасынын алкагында берилди.
Каражаттар алдын ала эмес, өлкө макулдашылган шарттарды аткарып, белгиленген көрсөткүчтөргө жетишкенден кийин бөлүнөт. Алынган транш Кыргызстандын европалык өнөктөштөр менен макулдашылган реформалардын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруудагы ийгиликтерин тастыктайт.
Программа мектептик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, билим берүү системин өркүндөтүүгө жана окуучулардын заманбап компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:28
2026-10-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















