super.kg logo

Данияр Амангелдиев Нобель сыйлыгынын лауреаты Константин Новоселов менен жолукту

 

Бүгүн, 16-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев физика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, Сингапур улуттук университетинин профессору Константин Новоселов жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар илим жана технология тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле, жасалма интеллектти өнүктүрүү, маалымат борборлорун түзүү, жаңы материалдарды жана сырьену кайра иштетүү технологияларын колдонуу маселелери каралды.

Данияр Амангелдиев кыргыз тараптын Сингапур улуттук университети менен кызматташууга, атап айтканда, тажрыйба алмашууга, илимий иштеп чыгууларды ишке ашырууга жана адистерди даярдоого кызыкдар экенин белгиледи.

Новоселов өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташуу үчүн кызыктуу болушу мүмкүн болгон изилдөө жана иштеп чыгуу багыттарын белгиледи. Тактап айтканда, ал курулушта графенди колдонуу, өнөр жайда жаңы материалдарды пайдалануу жана жасалма интеллект технологияларын өнүктүрүү маселелери болду.

Ошондой эле, илимий кадрларды даярдоо маселеси да каралды. Константин Новоселов кыргызстандык студенттердин Кытай жана Сингапурдагы жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып, Кыргызстандын илимий коомчулугу менен кызматташууга, анын ичинде биргелешкен изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга жана кыргызстандык окумуштуулардын чет өлкөлүк лабораториялардагы иштерге катышуусуна көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, тажрыйба алмашуу жана технологияларды өткөрүп берүү максатында Кыргызстандан өнөктөштөрдү табууга кызыгуу айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: