Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагында кызматташат
Кыргызстан менен Армения билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюуну пландаштырууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-октябрда, президент Садыр Жапаровдун Арменияга болгон расмий сапарынын алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү жана Армениянын билим берүү, илим, маданият жана спорт министри Жанна Андреасяндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу өттү.
Жолугушууда билим берүүнү санариптештирүү, педагогдорду даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, окутуунун заманбап усулдарын киргизүү маселелери талкууланды.
Ошондой эле министрлер TUMO креативдүү технологиялар борборуна барышып, анын билим берүү программалары жана окуучулардын санариптик жана чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүү ыкмалары менен таанышышты.
Пландаштырылган макулдашуу мектептик жана баштапкы кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтыкты, билим берүү мекемелеринин ортосундагы өнөктөштүктү, педагогдорду даярдоо жана тажрыйба алмашуу багыттарын камтыйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















