Саламаттык сактоо министрлигине өнөктөштөрү үч тез жардам унаасын берди
Бүгүн, 17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине өнөктөштөр тарабынан үч тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет.
"Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, медициналык уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт", - деп белгиленди маалыматта.
Маалыматта кайсы өнөктөштөр тарабынан берилгени ырасталган эмес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















