Эртең "Бишкек Аренага" акысыз автобустар менен кантип жетсе болот? Даректер
Эртең, 18-октябрда "Бишкек Аренада" өтө турган Шакиранын концертине бара турган көрүүчүлөр үчүн 6 жерде акысыз автобустар уюштурулат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирип, коомдук траспорттор элди стадионго жеткирип, концерт бүткөндөн кийин кайра алып кетишерин кошумчалашты.
Маалым болгондой, автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин ар бир 4–6 мүнөт сайын каттайт.
Акысыз автобустар төмөнкү алты жерден жөнөйт:
- Өчпөс от - Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
-
Батыш автобекети - Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;
-
Киркомстром - Барпы Алыкулов көчөсү, №32;
-
Көк-Жар - Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
-
"Глобус" - Аалы Токомбаев, №53/1, Сухэ-Батор көчөсүнүн кесилиши;
-
Темир жол бекети - Эркиндик бульвары, №1/А.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















