Ош – Кара-Суу унаа жолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө (видео)
Ош облусунда Ош – Кара-Суу унаа жолу 4 тилкелүү болуп, туурасы 22 метрге чейин кеңейтилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жалпы узундугу 18 чакырым 690 метр болгон жол тилкеси толугу менен жаңыланат.
"Жолго эки катмар асфальт төшөлүп, эки тарабына туурасы 3 метр болгон тротуар жана веложолдор курулат. Жеринде 120 атайын техника, 150 кызматкер иш алып барууда. Ошондой эле долбоордун алкагында жалпы 4 көпүрө куруу каралган. Учурда алардын үчөө толугу менен курулуп бүтүп, бир көпүрөдө курулуш иштери улантылууда",- деп белгиленди маалыматта.
Ош – Кара-Суу унаа жолу 4 тилкелүү болуп кеңейтилүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















