Кыргызстан чыгарган акчаны кантип билсе болот?
Улуттук банк мамлекет өзү чыгарган 20 жана 50 сом номиналындагы банкноттордун жети негизги коргоо белгилери бар экенин билдирди.
Алар:
- Суу белгиси: көп тоналдуу портрет жана номинал түрүндө электротип.
- Коргоо тилкеси: үзүк тилке, жарыкка салып кароодо үзгүлтүксүз болуп көрүнөт, анда номиналдын саны жана Улуттук банктын ромб түрүндө логотиби камтылган.
- Бири-бирине дал келген сүрөттөлүш: банкноттун алдыңкы жана арткы беттериндеги сүрөттөрдүн фрагменттери жарыкка салып кароодо ромб формасын түзөт.
- Сүрөттөрдүн рельефтүүлүгү: портрет, жазуулар, банкноттун сан жана тамга номиналы.
- Көмүскө сүрөттөлүш: банкнотту жантайыңкы алып кароодо сомдун белгиси - С көп түстө көрүнөт.
- Жалтырак түс (арткы бетинде): банкноттун номиналы жана Улуттук банктын логотиби түрүндө.
- Микротекст, микросүрөттөлүштө флора жана фауна сүрөттөрү жазуу түрүндө берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:9
2026-10-28
17:08
2026-10-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















