super.kg logo

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова акыркы сапарга узатылды

 

Бүгүн, 28-октябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Ал 26-октябрда 89 жашында дүйнөдөн кайткан.

Роза Айтматова 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөнүн кенжеси болгон. Коомдук ишмер, окумуштуу жана публицист катары таанылган Роза Айтматова Кыргызстандагы аялдар кыймылынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Ошондой эле ал саясий репрессиянын трагедиясын, анын тарыхый маанисин жана кесепеттерин коомчулукка жеткирүүгө өзгөчө көңүл буруп, бул багытта эмгектерин калтырган. Анын артында тарыхый эс тутумду сактоого жана келечек муундарга жеткирүүгө багытталган баалуу мурас калды.






Роза Айтматова акыркы сапарга узатылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: