Ала-Буканын эки автожолунда асфальт төшөө иштери аяктады
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жол куруу жана оңдоо иштери уланууда. Учурда Ала-Бука – Кербен жана Ала-Бука – Касансай автожолдорунун айрым тилкелеринде асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ала-Бука – Кербен автожолунун 14 чакырымына асфальт төшөлүп, жол чийиндери чийилди. Учурда жол белгилерин орнотуу иштери жүрүп жатат. Ал эми Ала-Бука – Касансай автожолунун 12 чакырымдан ашык бөлүгүнө асфальт төшөлдү. Учурда курулуш иштерин толук бүтүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө",- деп кошумчалады мекеме
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2026-10-28
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















