"Бир кой жеп жатасыңарбы?" Бишкек мэриясын ачарчылык каптадыбы? (видео)
Бишкек шаарынын башчысы Айбек Жунушалиев мэрияда жыйын өткөргөнүн 27-октябрда борбор калаа бийлиги билдирди.
Отурумда Жунушалиев ишкерлердин эсебинен тамактанып жаткан кызматкерлер бар экенин айтып, аларга эскертүү берди.
"Силердин араңарда, администрацияда ачарчылык болуп жатабы? Түшкү тамактанууга акчаңар жетпей жатабы? Ошондой кызматкерлер болсо, мага тизмесин түзүп бергилечи. Мен өзүм тамак алып берип турайын. Ишкерлер силерге түшкү тамактануу үчүн беш миң сомдон берип жатышат. Бир отурганда бир кой жеп жатасыңарбы? Деги, эмне жеп жатасыңар?
Акимдер, силер каякты карап отурасыңар? Андайлар бир күн да кызмат ордунда болбошу керек. Акыркы учурда бизге карата көптөгөн сындар айтылып жатат. Мына, мэрдин беш орун басары кармалды. Эгер акча алып же башка иштерге аралашып жаткан болсоңор, анда өзүңөрдөн көргүлө",- деди Жунушалиев.
"Бир кой жеп атасыңарбы?" Бишкек мэриясын ачарчылык каптаганы айтылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















