Ошто Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү маселеси талкууланды
Бүгүн, 28-октябрда, Ош шаарынын мэриясында Жаңы-Маала конушунун тургундарын документтештирүү жана бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.
Жолугушууга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын март айында административдик-аймактык реформанын алкагында Жаңы-Маала конушу Кара-Суу районунан Ош шаарынын карамагына өткөрүлгөн.
2026-жылдын 11–31-август күндөрү конуштун 11 көчөсүндө үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, инсандыгын ырастоочу документтери жок жарандар, анын ичинде жашы жете элек балдар аныкталып, кожолуктардын жана жашоочулардын саны такталган.
Жолугушууда мониторингдин жыйынтыктары, тургундардын укуктук абалы жана документтерди тариздөө маселелери каралды. Учурда конуш тургундарын документтештирүү иштери улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















