Бишкекте 23-28 кабаттуу турак жай комплекстеринин курулушу текшерилди
Бүгүн, 28-октябрда, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жай комплекстеринин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр 23төн 28 кабатка чейинки имараттар курулуп жаткан объектилерди кыдырып, курулуш иштеринин жүрүшүнө, материалдардын сапатына, заманбап технологиялардын колдонулушуна жана коопсуздук талаптарынын сакталышына көңүл бурду.
Кыдыруунун алкагында министр төмөнкү объектилерде болду:
* «Хан Теңири» көп функционалдуу комплекси - Токтоналиев көчөсү, 163. Долбоор 28 кабаттуу эки жана 40 кабаттуу бир блокту камтыйт. Куруучу компания - «Хан-Тенири Девелопмент» ЖЧКсы.
* «Тянь-Шань» турак жай комплекси - Токтоналиев көчөсү, 165. 23–25 кабаттуу сегиз блоктон турат. Долбоордо бала бакча да каралган. Куруучу компания - «Руби Строй» ЖЧКсы.
* «Нео Сити» көп функционалдуу комплекси - Апсамат Масалиев проспектиси, 22. 26 кабаттуу жети блоктон турат. Куруучу компания - «Монарх Стиль» ЖЧКсы.
* «Эвернью» турак жай комплекси - Малдыбаев көчөсү, 259. 24 кабаттуу жети блоктон турат. Куруучу компания - «Синхэн Строй» ЖЧКсы.
Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев «Эвернью» турак жай комплексинин 24-кабатынын чатырын жабуу аземине катышты.
Министрдин иш сапарынын жүрүшүндө эл аралык тажрыйбанын негизинде колдонулуп жаткан курулуш ыкмалары да көрсөтүлдү. Министрлик акыркы жылдары Кыргызстанда курулуштун сапатын жогорулатуу максатында мамлекеттик стандарттар менен катар Кытайдын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы колдонулуп жатканын белгилейт.
Бишкекте 23-28 кабаттуу турак жай комплекстеринин курулушу текшерилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео















