Сөйкөсү түшүп кеткен президенттин жубайына министр жардам берди
Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин алдында "Бештепе улуттук токою" жана "Түрк мамлекеттеринин маданият паркы" салтанаттуу түрдө ачылды. Ачылыш аземине Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар сүрөткө түшүп жатканда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жубайы Зироат Мирзиёеванын сөйкөсү жерге түшүп кеткен. Муну байкаган Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов сөйкөнү жерден алып, аны Мирзиёевага берген.
Анын бул сылык мамилесин иш-чаранын катышуучулары жылуу кабыл алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:02
2026-10-30
13:20
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















