Бир катар аткаминерлерге "Даңк" ордени ыйгарылды
Өлкө башчы Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн 11 жаранга "Даңк" орденин ыйгарды.
Президенттин жарлыгында аты аталгандар:
- Нурсултан Аденов – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жетекчиси.
- Даврон Алмазбеков – Президенттик администрациянын протокол кызматынын жетекчиси.
- Адылбек Бийбосунов – ички иштер министринин биринчи орун басары.
- Данияр Исаков – Коргоо министрлигинин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын кол башчысы.
- Алтынбек Кутманов – президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер
кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы. - Шайлообек Козубаев – президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
- Мирбек Мамбеталиев – маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри.
- Октябрь Урмамбетов – ички иштер министринин орун басары.
- Эраслан Усупов – президентке караштуу мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары.
- Алмаз Шайбеков – президентке караштуу мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары.
- Жыргалбек Шамыралиев – президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик
инспектору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:02
2026-10-30
13:20
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















