super.kg logo
  Саясат  

"Бюрократияга жол бербейбиз!" Жанар Акаев кол алдындагыларга эскертүү берди (видео)

 

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев мамлекеттик ишкана жетекчилерине эскертүү берди.

Анын айтымында, айыл чарба ишкерлеринин кагаз маселесин тиешелүү мекемелер көп убакытка создуктуруп келет.

"Буга чейин жүздөгөн гектар сугат жерлер мыйзамсыз берилип, ордуна үйлөр курулуп кеткен. Эми ошол жоготуунун ордун толтуруу үчүн Коңур-Жазга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 400 гектар жерге суу чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө, эми курулуп жаткан агроөнөр жайга айыл чарбасы менен алектенген ишкерлерди тартуу зарыл.

Зарыл иш кагаздарын өз убагында бүтүрүп бергиле. Ошондой эле ишкерлерди колдогон инвесторлорду негизсиз маселелер менен түйшөлтпөстөн, тескерисинче, колдоо көрсөтүү керек. Бюрократияга жол бербейбиз! Эгер мындай көрүнүштөр кайталана берсе, инвесторлордон айрылып калышыбыз мүмкүн. Ар бир мамлекеттик ишкананын ишине катуу көзөмөл жүргүзөбүз", - деди ал бүгүн, 30-октябрдагы чогулушта.






Инвесторлорду качырып албайлы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: