Өкмөт башчы казакстандык кесиптешин "Ала-Арча" резиденциясында кабыл алды
Бүгүн, 30-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен расмий жолугушуу өткөрдү.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, расмий тосуп алуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлгөн. Эки өкмөт башчынын саламдашуусунан кийин, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Андан соң Адылбек Касымалиев менен Олжас Бектенов өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:02
2026-10-30
13:20
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















