super.kg logo
  Саясат  

Түркияда жогорку сыйлык алгандан кийин Садыр Жапаров билдирүү жасады (видео)

 
Бүгүн, 30-октябрда президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасап, видео жарыялады.
Анда өлкө башчысы сыйлык жалпы элдики экендигин белгиледи.
"Урматтуу кесиптешим Режеп Тайып Эрдоганга жана түрк мамлекеттеринин лидерлерине терең ыраазычылык билдирем! Бул сыйлыкты жалпы кыргыз элине көрсөтүлгөн сый-урмат катары кабыл алдым. Түрк дүйнөсүнүн биримдиги бекем болсун!" - деп жазды өлкө башчысы баракчасынан.
Эскерте кетсек, кечээ, 29-октябрда Жапаров Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Аны Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 13-саммитинин алкагында тапшырды. Сыйлоо чечими Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө болгон Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстан мамлекеттеринин башчылары тарабынан кабыл алынгандыгы айтылган.





Түркияда жогорку сыйлык алгандан кийин Садыр Жапаров билдирүү жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: