Түркиядагы саммитте Ысык-Көлдү сактоо боюнча фонд түзүү демилгеси көтөрүлдү
Бүгүн, 30-октябрда президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 13-саммитинде сөз сүйлөп жатып, Ысык-Көлдү сактоо демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сөзүндө климаттын өзгөрүшү жана тоо экосистемаларын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров мөңгүлөрдүн эришине каршы биргелешкен чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстандын БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактоо боюнча максаттуу фонд түзүү демилгесин билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:02
2026-10-30
13:20
2026-10-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















