Садыр Жапаров Бишкекте Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы имаратын ачты
Бүгүн, 1-ноябрда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Кайгуул-күзөт кызматынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирип, ИИМдин дагы 42 объектиси онлайн форматта пайдаланууга берилгенин кошумчалады.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы ички иштер органдарынын бөлүмдөрү үчүн жаңы имараттарды куруу жана автоунаа паркын жаңылоо “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап санариптик технологияларды киргизүү милиция ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган.
"Имаратта кызматкерлердин ишин уюштуруу жана күнүмдүк кызмат өтөөсү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Бул жерде “Санариптик кайгуул” борбору, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казармалык жайлар жана кызматтык бөлмөлөр жайгашкан", - деп белгиленди маалыматта.
Ачылыш аземинен кийин Садыр Жапаров ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.
Ошондой эле милиция кызматкерлерине 102 жаңы унаа жана атайын техника тапшырылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















