Ошто маданият жана муниципалдык кызматкерлер сыйланды
Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында Маданият кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө маданият жана искусство тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлерге Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталары тапшырылды.
Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагында көп жыл эмгектенген ардагер «Ардак» медалы менен сыйланды.
Ошондой эле мэриянын кызматкерлерине жана шаардык кеңештин депутаттарына «Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги» төш белгиси жана Ардак грамоталар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:21
2026-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















