Криштиану Роналду Португалия курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады
Бүгүн, 5-ноябрда 41 жаштагы Криштиану Роналду өзүнүн Португалия курама командасындагы карьерасын аяктаганы маалым болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында билдирди.
"2003-жылы август айында башталган жана менин жашоомду түбөлүккө өзгөрткөн саякат аяктады. Улуттук курама команда менен болгон тажрыйбамдын бардыгын карасам, беттештерди, голдорду, рекорддорду же кубокторду гана эмес, мен адамдарды көрөм. Чет өлкөлөрдө жашаган португалиялыктарды көрөм, алар өздөрүн 90 мүнөт болсо да үйгө жакыныраак сезе алышат. Мен эч качан көрбөгөн, бирок менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калган миллиондогон португалиялыктарды көрөм. Анткени футбол – жөн гана оюн эмес, футбол – алгач адамдарды билдирет", - деп жазда Роналду.
Ал жалпысынан курама менен 234 беттешке катышып, 146 гол киргизген. Ошондой эле ал бир катар рекорддорду жараткан.
- Улуттук курама команданын тарыхында эң мыкты бомбардир болду.
- Курамада эң көп беттеш өткөргөн оюнчу катары рекорд койду.
- 2006, 2010, 2014, 2018, 2022 жана 2026-жылдардагы 6 дүйнөлүк чемпиондукта гол киргизген алгачкы футболчу болуп тарых жаратты.
- Дүйнө чемпиондугунда тандап алуу оюндарында гол киргизүү боюнча рекорд койду.
- Европа чемпиондугунда тандап алуу оюндарында гол киргизүү боюнча рекорд койду.
- Курама команда үчүн 22 жыл бою гол киргизген жалгыз оюнчу болду.
- Европа чемпиондугунда эң мыкты бомбардир болду.
- Европа чемпиондугунда эң көп беттеш өткөргөн оюнчу катары рекорд койду.
- Португалия курама командасындагы тарыхында эң мыкты ассистент (голдук пас берүүчү) болду.
- Дүйнө чемпиондугунда Португалиянын эң мыкты бомбардири болду.
- Европа чемпиондугунда Португалиянын эң мыкты бомбардири болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















