Кат калтырып... Бишкекте изделип жаткан 21 жаштагы жигиттин денеси табылды
Кечээ, 7-ноябрда Бишкектин Биринчи Май районундагы имараттардын биринен 2005-жылы туулган медициналык окуу жайдын студентинин сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдирди.
Маалым болгондой, ал 28-октябрда үйүнөн чыгып кеткенден кийин дайынсыз болуп жаткан. Алдын ала маалымат боюнча, денесинде көзгө көрүнгөн жаракаттар жок. Жанынан дары-дармектер жана чоң атасына жазылган коштошуу каты табылды.
Учурда өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:20
2026-11-07
17:52
2026-11-06
17:48
2026-11-06
17:30
2026-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















