Валентина Шевченко америкалык дагы бир тасмада роль жаратты
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко АКШда жарык көргөн "Өлүм тизмеси" (The Terminal List) сериалынын экинчи тартымында роль жаратты.
Ал тасмада орусиялык Федералдык күзөт кызматынын агенти Кира Котова болуп тартылды. Башкы ролду белгилүү актёр Крис Пратт аткарган сериалдын экинчи сезону 21-октябрда Prime Video платформасында жарык көрдү.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко 2020-жылы кинодо дебют жасаган. Анда ал Холли Берри менен бирге "Көгала тактар менен" (Bruised) тасмасына тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















