Садыр Жапаров Москва районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты
Бүгүн, 8-ноябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Москва районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган жана келечектүү инвестициялык долбоорлор, социалдык инфраструктуранын өнүгүшү, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүү пландары менен таанышты.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызмат билдиргендей, өлкө башчысына акыркы жылдары райондо пайдаланууга берилген ири өнөр жай ишканалары тууралуу маалымат берилди.
Алар:
- 410 миллион сом инвестиция салынып, 40 жумуш орду түзүлгөн “Бай Элим Компани” консерва заводу курулган. “Тулпар Моторс” автомобилдерди чогултуучу заводунун курулушуна 4 миллиард 375 миллион сом инвестиция багытталып, 100 жумуш орду түзүлгөн. “Ак-Суу асыл тукум чарбасы” канаттуулар чарбасына салынган инвестициялардын көлөмү 450 миллион сомду түзүп, 145 жумуш орду түзүлгөн.
- Учурда райондо бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Атап айтканда, 1,2 миллиард сом инвестиция көлөмүндөгү Ак-Суу декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушу уланууда, ал 2048 гектар айыл чарба жерин сугаруу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
- Ошондой эле 437,5 миллион сомдук “Радуга Корм” балык тоютун өндүрүүчү заводдун, жалпы инвестиция көлөмү 40 миллион АКШ долларын түзгөн чакан гидроэлектр станцияларынын, ошондой эле инвестиция көлөмү 20 миллион долларын түзгөн “United Concrete Canvas” ЖЧКсынын геосинтетикалык цемент-композиттик жабууларды өндүрүүчү заводунун курулушу жүрүп жатат.
- Мындан тышкары, инвестиция көлөмү 4 миллион долларын түзгөн “Таштан” фермердик чарбасынын жана баасы 3 миллион долларын түзгөн “Кыргызцентрпродукт” ЖЧКсынын долбоорлору ишке ашырылууда. Акыркы ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 20 миң тонна продукцияны түзөт.
- Муну менен катар Ак-Торпок айылында 200 гектар аянтта индустриалдык-логистикалык парк түзүү пландалууда. Долбоордо ишканаларды жана инвестицияларды тартуу үчүн даяр инфраструктурасы бар өндүрүш аянтчасын түзүү каралган. Толук кубаттуулукка чыккандан кийин 350–500 туруктуу жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйөт деп күтүлүүдө.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















