"Жусуп" тасмасы Түркияда өткөн кинофестивалда "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алды (видео)
Кыргызстандык режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин "Жусуп" аттуу көркөм тасмасы Түркияда өткөн VI "Коркут Ата" түрк дүйнөсүнүн эл аралык кинофестивалында "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу фестивалдын жыйынтыктоочу маалыматында белгиленди.
Маалым болгондой, сыйлык тапшыруу аземи кечээ, 7-ноябрда Стамбул шаарында өттү. Иш-чара 3–7-ноябрь күндөрү уюштурулуп, анда 56 тасма көрүүчүлөргө тартууланды. "Жусуп" тасмасы толук метраждуу көркөм тасмалар арасындагы сынакка катышты.
Тасма Кыргызстандын мамлекеттик ишмери Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана өлкө мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымына арналган. Анда кыргыз элинин жерин, тилин, улуттук кызыкчылыктарын коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшү чагылдырылган.
Белгилей кетсек, тасманын бет ачары 25-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына карата өткөрүлгөн.
"Жусуп" тасмасы Түркияда өткөн кинофестивал "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















