Президенттик шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн тизмеси жарыяланды
Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Маалымдалгандай, тизмеге өлкө боюнча 4 миллион 467 миң 40 шайлоочу кирген. Алдын ала шайлоочулардын тизмеси 18-ноябрга чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасына илинет.
"Жарандар өздөрүнүн тизмеде бар-жогун 1255 жана 119 кыска номерлери аркылуу же tizme.gov.kg сайтынан 2027-жылдын 12-январына чейин текшере алышат. Эгерде тизмеде ката табылса, шайлоочулар 12-январга чейин tizme.gov.kg сайтындагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу",- деп белгиленет маалыматта.
Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болору маалыматта кошумчаланды.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















