Автобуска батпай калган окуучулар: Бишкекте коомдук транспорт көйгөйү кайрадан талкууда (видео)
Социалдык тармактарда Бишкекте №17 автобуска жүргүнчүлөр батпай, окуучуларды түртүп киргизүүгө аракет кылган учур тартылган видео тарады.
Бул көрүнүш борбор калаадагы коомдук транспорт көйгөйүн кайрадан күн тартибине чыгарды. Интернет колдонуучуларынын көпчүлүгү шаардагы жол тыгындарына, коомдук транспортту көпкө күтүүгө жана автобустардын каттам аралыгынын узарып кеткенине нааразы экенин жазышса, айрымдары эшик толук жабыла электе автобустун жүрүп кетиши окуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратарын белгилеп, тынчсыздануусун билдиришүүдө.
Видеону жарыялаган автор "Мындан ары бизди эмне күтүп турат?" деген суроо калтырган.
Автобуска батпай калган окуучулар: Бишкекте коомдук транспорт көйгөйү кайрадан талкууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2026-11-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















