Аскат Алагөзов жетекчилерди анын атын жамынган шылуундардан сак болууга чакырды
Бүгүн, 10-ноябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов анын атын жамынган шылуундар пайда болгонун Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.Анын айтымында, белгисиз адамдар анын атынан акимдерге, мэрлерге жана башка жетекчилерге телефон чалып жана WhatsApp аркылуу жазып, ар кандай маселелерди чечип берүү убадасы менен акча талап кылып жатышат.
"Эскерте кетейин: мен кадрдык дайындоолорго, кызматтык жана чарбалык маселелерге кийлигишпейм. “Тигини кызматка коём, муну башка жакка котором” деген сыяктуу убадаларды бербейм жана эч кимден акча сурабайм. Менин атымдан чалган мындай адамдарга ишенбеңиздер! Бул – алдамчылардын жана шылуундардын аракети. Сак болуңуздар!", - деди Алагөзов.
Ошондой эле ал маалымат укук коргоо органдарына берилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:10
2026-11-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















