super.kg logo

Касымалиев “Эмгек Баатыры”, Туманбаев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштурууга салым кошкон жарандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, сыйлыктар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө эмгеги сиңген, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен жарандарга ыйгарылды.

Алардын арасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасы берилди.

Ошондой эле президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана ички иштер министри Улан Ниязбеков I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Салтанатта Садыр Жапаров 2026-жылы өткөрүлгөн масштабдуу иш-чаралар Кыргызстандын эл аралык аброюн бекемдөөгө, улуттук маданиятын даңазалоого жана өлкөнүн уюштуруучулук дараметин көрсөтүүгө өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы ири долбоорлордун ийгилигинин артында көптөгөн адамдардын эмгеги турарын айтып, аларды даярдоого жана өткөрүүгө катышкан мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн, маданият ишмерлеринин жана башка уюмдардын кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ал мамлекеттик сыйлык - мамлекеттин жогорку ишеними жана ак эмгекке берилген баа экенин белгилеп, өлкөгө кызмат кылуу конкреттүү иштер менен далилдениши керектигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: