Креативдүү флешмоб: Мантыказан менен мектепке келген окуучулар (видео)
Казакстандын Шымкент шаарындагы мектептердин биринде окуучуларга "Баштыксыз күн" деген акция уюштурулду. Анда алар өздөрүнүн өзгөчө фантазиялары менен коомчулукту таң калтырышты. Бул видеотасма социалдык тармактарга тарап позитивдүү реакцияларды жаратууда.
Видеодо мектепке кадимки сумкаларынын ордуна окуучулар китеп-дептерлерин ар кандай буюмдарга салып келишкен. Мектеп коридорунан кир жуучу себеттерди, картон кутуларды, эмеректердин суурмаларын, мантыказанды жана сейфтерди көтөрүп келген балдарды көрүүгө болот.
Бул кызыктуу демилгени мектептин мугалимдери да колдоп, флешмобго активдүү катышышты.
Интернеттин колдонуучулары кадимки окуу күнүн чыныгы майрамга айланткан окуучулар менен педагогдордун тамашакөйлүгүн жана креативдүүлүгүн жогору баалап, жылуу пикирлерин калтырышууда
Креативдүү флешмоб: мантыказан менен мектепке келген окуучулар
0

Супер-Инфо
super.kg видео















