Бразилияда обочолонуп жашаган уруу биринчи жолу жергиликтүү тургундарга чыгышты
Бразилиянын Мараньян штатында тышкы дүйнө менен байланыштан качып келген уруунун өкүлдөрү жергиликтүү айыл тургундарына жардам сурап кайрылышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматтар боюнча, уруунун өкүлдөрү азык-түлүктүн жетишсиздигине туш болушу мүмкүн.
" Буга токойлордун мыйзамсыз кыйылышы, аңчылык жана климаттын өзгөрүшү себеп болушу ыктымал. Ал эми жергиликтүү тургундар, аларды жылуу тосуп алышып, керектүү азык-түлүктөр менен бөлүшүшкөн.
Ава-гуажа уруусу Амазониянын көчмөн жашоо образын сактап калган акыркы элдеринин бири болуп саналат. Алар салттуу түрдө аңчылык жана жыйноочулук менен күн көрүшөт, уруунун бир бөлүгү атайын конуштарда жашаса, болжол менен 100гө жакын өкүлү токойдо тышкы дүйнөдөн обочолонуп жашоосун улантуу", - деп белгиленди маалыматта.
Азык-түлүк сурап келген уруу
0

Супер-Инфо
super.kg видео















