Бишкектеги №86 мектептин окуучулары мушташышты (видео)
Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектин Калыс-Ордо конушундагы №86 мектептин жанында өспүрүмдөрдүн катышуусунда массалык мушташ болгону тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Биринчи Май райондук милициясынын маалыматына ылайык, бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин өкүлдөрү барып, окуучулар жана мектеп администрациясы менен түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүшкөн.
Милициянын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери окуяга катышкан бардык өспүрүмдөрдү аныктап, жагдайларды тактоо үчүн райондук башкармалыкка жеткиришти.
Тергөө уланууда.
Бишкектеги мектеп окуучуларынын мушташы боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө (видео)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:14
2026-11-12
18:10
2026-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















