Бишкекте башкы балаты орнотула баштады
Кечээ, 9-ноябрда Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын орнотуу иштери башталды.
Мэриянын маалыматына ылайык, орнотуу иштерин "Тазалык" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө.
Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет.
Борбор калааны жаңы жылдык жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:14
2026-11-12
18:10
2026-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















