Бүгүн президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн арыз берүүнүн акыркы күнү
Бүгүн, 12-ноябрда саат 24:00дө президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берүү мөөнөтү аяктайт.
Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга жалпысынан 10 жаран арыз тапшырды. Алар:
- Аймен Касенов;
- Азамат Эсенбеков;
- Сыймык Жапыкеев;
- Акай Кыдыров;
- Исхак Масалиев;
- Садыр Жапаров;
- Бактыбек Калмаматов;
- Бакытбек Адылов;
- Айба Амур;
- Мамбетжунус Абылов.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, президенттикке 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген, чет мамлекеттин жарандыгы жок жана өлкөдө жалпысынан кеминде 15 жыл жашаган Кыргыз жараны талапкер боло алат.
Талапкер катары катталуу үчүн жарандар өз талапкерлигин колдогон кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш. Бул өнөктүк 8-декабрда аяктайт. Шайлоочулар "Түндүк" тиркемеси аркылуу талапкерлерге электрондук түрдө же кагаз жүзүндө колдоо көрсөтө алышат. Бүгүнкү күндө президент Садыр Жапаровду колдогон шайлоочулардын саны 60 миңден ашып, анын кол топтоо өнөктүгү аяктады.
Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















