Бишкектеги жол тыгыны качан азаят? Вице-мэрдин жообу (видео)
Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында депутат Болот Ибрагимов борбор калаадагы тыгындар качан азаяры тууралуу вице-мэр Рамиз Алиевге суроо узатты.
Эл өкүлү шаарда тыгын маселеси актуалдуу экенин айтып, мэриянын бул жааттагы иш-аракеттерине кызыкты.
"Бишкек шаарында тыгын маселесин чечүү максатында кандай иш-чараларды көрүп жатасыздар? Канча жылдык программаңыздар бар? Тыгындарды жоюу - комплекстүү маселе. Аны чечүү боюнча кандай программалар бар экенин биздин жарандар билиш керек, анткени тыгын маселеси азыркы учурда аябай актуалдуу",- деди Болот Ибрагимов
Өз кезегинде Рамиз Алиев жол тыгынын азайтуу боюнча 2030-жылга чейинки концепция иштелип чыкканын билдирди, бирок депутат бул жооп жарандарды канааттадырбаганын айтып, так мөөнөт менен чечимдерди талап тылды.
"Концепция бар, бирок эл аны сезбей жатат. 2030-жылы тыгын канча пайызга азаят деп кепилдик бересиз?",- деп суроо узатты
"Канча пайызга азаярын айтканга азыр кичине кыйын болуп жатат. Анткени унаалардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Эгер биз концепцияны толугу менен аткарсак анда тыгындар 2030-жылга карата азаят",- деп кошумчалады Алиев.
Бишкектеги жол тыгыны канча пайызга азаят Вице-мэрдин жообу (видео)
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















