Садыр Жапаров Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Жолугушууда мамлекет башчылары кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Атап айтканда, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетика, өнөр жай, финансы жана билим берүү тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бурулду.
Садыр Жапаров кыргыз делегациясын жылуу кабыл алгандыгы жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө көңүл бургандыгы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Владимир Путин кыргыз-орус кызматташтыгынын олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп, эки тараптуу байланыштарды мындан ары кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Тараптар биргелешкен демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















