Кыргыз тили жана география мугалимдерине 6 миң ноутбук тапшырылды
Кечээ, 11-ноябрда мектептердеги кыргыз тили жана география мугалимдери үчүн 6 миң даана ата мекендик ноутбук тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Алтын казык" брендиндеги ноутбуктар Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технопарк" мекемесинде чогултулууда.
Агартуу министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаевдин айтымында, буга чейин 47 миңден ашык мугалим ноутбук менен камсыздалган. Жыл аягына чейин дагы 17 миңге жакын ноутбук тапшыруу пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:07
2026-11-13
9:39
2026-11-13
21:14
2026-11-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















