ИИМ президентке кайрылган Аруу Эмилбекованын айткандарын төгүндөдү
Президент Садыр Жапаровго мурдагы жолдошуна байланыштуу даттанган Аруу Эмилбекованын арызы текшерилип, айтылган дооматтар тастыкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аялдын мурдагы жолдошу ажырашууга зомбулук эмес, Эмилбекованын уурулук фактысы боюнча кармалышы себеп болгонун айткан. 2022-жылы Жалал-Абад шаардык соту аны уурулуктун эки фактысы боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга пробациялык көзөмөлгө алган. Ошондой эле мурдагы жолдошунун Камчыбек Ташиев менен туугандык байланышы жок экени аныкталды.
"Октябрь айында Эмилбекова балдарына зомбулук көрсөтүлүп жатканын билдирген. Бирок экспертиза алардын денесинен жаракаттарды тапкан эмес. Балдар да атасы, чоң атасы жана чоң энеси аларга кол көтөрбөгөнүн айтышкан. Учурда эки кызы 7-октябрдан бери апасы менен жашап жатканы белгилүү болду", - деп кошумчаланды маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















