super.kg logo

Кыргызстан COP31де климаттык билим берүү жаатындагы тажрыйбасын тааныштырды 

 

Кечээ, 14-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өткөн COP31 конференциясында Кыргызстандын климаттык билим берүү жаатындагы тажрыйбасы тааныштырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жыйында климаттык билим берүүнүн мааниси, "Алтын Казык" реформасы жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле "Климаттык кутуча" программасы жана ЮНИСЕФтин "Жашыл мектептер" демилгеси тууралуу маалымат берди.

"Баяндамада Кыргызстанда климаттык туруктуулукка багытталган 120га жакын мектеп иштеп жатканы белгиленди. Министрлик мектептердин энергияны үнөмдөөчү инфраструктурасын түзүү, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык жоопкерчиликтүү билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу иштерин улантууда",-деп кошумчаланды маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: