super.kg logo

Бишкектин Манас көчөсүнө бир күндө 6 миң түп дарак отургузулду

 

Бишкек шаарындагы Манас көчөсүндө бир жолку иш-чаранын алкагында 6 миң түп дарак отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жашылдандыруу акциясына шаар мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана шаар тургундары катышкан.

Жалпысынан бийиктиги 3 метрден 6 метрге чейинки көчөттөр отургузулганрр. Алардын 5 263ү — гибрид терек, 700ү — тал, 37си алма дарагы.

Жаңы көчөттөрдү үзгүлтүксүз сугаруу үчүн автоматтык сугат системасы да орнотулган. Мындан тышкары, аталган тилкеге көп жылдык бадалдар жана гүлдөр отургузулары айтылды.

Айбек Жунушалиевдин айтымында, отургузулган гибрид теректер Бишкекте өстүрүлгөн. Алардын калемчелери мындан эки жыл мурда илимий-изилдөө институтунан алынып келинип, шаардык питомникте көбөйтүлгөн.

Белгилей кетсек, бардык көчөттөр Бишкек шаардык "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын питомнигинде өстүрүлгөн.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, жыл аягына чейин борбор калаада отургузулган дарактардын жалпы санын 30 миңге жеткирүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: