Арменияда түз эфирде журналист менен саясат таануучу мушташты (видео)
Арменияда маек берүү үчүн телеканалдардын бирине барган журналист Борис Мурази менен саясат таануучу Арутюн Мкртчян түз эфир учурунда мушташа кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-ноябрда коомдук телеканалдын "Чоң дебаттар" программасында болгон. Анда оппозициялык "Эне Армения" кыймылынын өкүлү, журналист Борис Мурази менен Арутюн Мкртчян саясий теманы талкуулап жатып кайым айтыша кетишкен. Көп өтпөй пикир келишпестик мушташка айланды.
Окуядан кийин алып баруучулар эфирди токтотуп, студияга коопсуздук кызматкерлери киришти.
Белгилей кетсек, буга чейин Армениянын парламентинде бийликтеги "Жарандык келишим" партиясы менен оппозициялык "Күчтүү Армения" партиясынын депутаттары ортосунда массалык мушташ чыккан.
Арменияда түз эфирде журналист менен саясат таануучу мушташты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















