Жал кичи районунда терезеде турган балдардын ата-энесине эскертүү берилди
Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинде жашы жете элек балдар турганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери окуянын жагдайларын тактоо үчүн көрсөтүлгөн дарекке барып, балдар жана алардын ата-энелери менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Анда балдарга терезенин алдына жана ачык терезелердин жанына чыгуу кооптуу экени түшүндүрүлүп, мындай аракеттердин кесепеттери эскертилди.
Ошондой эле ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоо жана алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы айтылды.
Милиция ата-энелерди балдардын коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















