super.kg logo

Акция: DemirBank ишкер айымдар үчүн жылдык 13,99% чен менен Demir Айым онлайн-бизнес-кредитин ишке киргизди

 

Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердигин колдоо күнүнө карата DemirBank Кыргызстанда өз бизнесин жүргүзгөн айымдарды колдоого багытталган атайын сунушту — Demir Айым бизнес-кредитин сунуштайт.

Аталган сунуштун алкагында ишкер айымдар өз бизнесин өнүктүрүү үчүн жылдык 13,99% чен менен 300 000 сомго чейин насыя ала алышат.

Demir Айым кредитин DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн тариздөөгө болот. Күрөө, кепилдик берүүчү, кагаз түрүндөгү документтер жана банктын бөлүмүнө баруу талап кылынбайт.

Кредит каражаттарын товарларды жана чийки заттарды сатып алууга, жүгүртүү каражаттарын толуктоого, жабдууларды сатып алууга же жаңылоого, бизнести кеңейтүүгө жана жаңы соода түйүндөрүн ачууга пайдаланууга болот.

Demir Айым кредитинин негизги шарттары:

  • Пайыздык чен — жылдык 13,99%;
  • Кредиттин суммасы — 5 000 сомдон 300 000 сомго чейин;
  • Кредиттин мөөнөтү — 6 айдан 36 айга чейин.

Өтүнмөлөр кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоонун негизинде автоматтык түрдө каралат. Кредитти тариздөө учурунда ишкер айымдар ай сайын төлөм жүргүзүү үчүн өздөрүнө ыңгайлуу күндү тандай алышат. Ошондой эле кредитти автоматтык түрдө төлөө мүмкүнчүлүгү каралган.

Demir Айым бизнес-кредитин Кыргыз Республикасынын жараны болгон, жеке ишкер катары катталган жана DemirBankта жеке ишкердин эсеби бар же аны онлайн ачууга даяр аялдар ала алышат.

Demir Айым кредитин тариздөө үчүн DemirBank мобилдик тиркемесине кирип, «Аялдар үчүн бизнес-насыя» бөлүмүнөн өтүнмө берүү, керектүү сумманы жана мөөнөттү тандоо жетиштүү жана чечим дароо кабыл алынат. Оң чечим алынгандан кийин кардар насыянын шарттары менен таанышып, келишимге тиркеме аркылуу кол коё алат.

Мындан тышкары, DemirBank жеке ишкердикти түздөн-түз банктын мобилдик тиркемеси аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгүн да сунуштайт. Бул жол-жобо болжол менен бир мүнөткө созулуп, банкка барбастан эле бизнес үчүн банктык кызматтарды пайдаланууга шарт түзөт.

Demir Айым насыясынын ишке киргизилиши — DemirBankтын ишкерлер үчүн санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин колдоо боюнча жүргүзүп жаткан ишинин бир бөлүгү.

ЖЭПЧ - 15,2%. Лиц. КРУБ №035

Demir Айым — атайын аялдар үчүн бизнес-кредит!

DemirBankтын колдоосу менен өз ишиңизди өнүктүрүңүз. Жылдык 13,99% чен менен 300 000 сомго чейин насыя алыңыз.

Сунуш чектелген мөөнөткө гана жеткиликтүү жана Кыргыз Республикасынын жараны болгон жеке ишкер аялдарга гана арналган.

Demir Айым кредитин DemirBank мобилдик тиркемеси аркылуу тариздеп, бизнесиңиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачыңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: